КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИЛИМДИН КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Май 2023 ж. 18:07

Көрүлдү: 2063

Бүгүн, 26-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева жана билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин катышуусунда “Илим тармагынын абалы, келечеги жана туруктуу өнүгүү концепциясы” темасында тегерек стол өттү.

post.title

Министр Каныбек Иманалиевдин айтымында, Кыргызстан миллион жашоочуга туура келген илимпоздордун саны боюнча дүйнөдө 51-орунда, ал эми Скопус маалымат базасындагы сапаттуу илимий басылмалар боюнча 124-орунда.

Илимий натыйжаларды жалаң гана чет өлкөгө жарыялоо учурдагы тенденция болуп жатат. Бирок бул абал туруктуу өнүгүүгө алып келбейт. Биздин окумуштуулар Скопус, Веб оф сайнс ж.б. базаларга эмгектерин жарыялоо менен бирге жергиликтүү журналдарды ал базаларга киргизүүгө салым кошуу керек. Учурда Кыргыз Республикасынан бир гана журнал бул базага кирет. Жакында бир канча университет биригип аталган базаларга катталуу алдында турат. Кийинки жылдардан баштап республикалык бюджеттин эсебинен катталуу маселесин карайбыз. 2030-жылга Кыргызстан 124-орундан 80-орунга чыгышы абзел”, - деп билдирди министр.

Санариптештирүү доорундагы дүйнөлүк чакырыктарга татыктуу жооп берүү үчүн математика, математикалык моделдештирүү, жасалма интеллект сыяктуу фундаменталдык жана прикладдык багыттарды дагы өнүктүрүү керектигин айтты Каныбек Иманалиев.

“Жасалма интеллект кыргыз тилин, дилин, наркын, макал-лакаптарын, улуттук баалуулуктарын өзүнө камтып, түшүнүп, өркүндөтүшү керек. Кыргыз интеллекти 21-кылымда татыктуу ордун табышы абзел. Дүйнө жүзүндөгү COVID-19 пандемиясы медицина, биология, химия, физика сыяктуу табият-таануу илимдерин өнүктүрүүнүн актуалдуулугун көрсөттү”, -  деди министр.

Ошондой эле министр илимди өнүктүрүү үчүн бир катар демилгелер жасалып жатканын айтты.

Алсак, илимий кызматкердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна жараша мамлекеттик каржылык колдоо ирээтинде “Илимпоз” долбоору иштей баштайт жана өзгөчө макам алган жогорку окуу жайларында көп функционалдуу лабораториялар салынат. Буга кошумча Президент чет жерде Кыргызстандын илим желегин көтөрүп жүргөн окумуштууларга мамлекеттик сыйлык ыйгаруу демилгесин колдогон.

Тегерек столго катышкан академиктер, профессорлор, эксперттер, жогорку окуу жайлардын ректорлору илим жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап, сунуш жана сын-пикирлерди айтышты.

Мындан сырткары Билим берүү жана илим министрлигинин Илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков мамлекеттик илим-изилдөө институттарынын ишмердүүлүгүн баалоо максатында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун аналитикалык корутундусу менен тааныштырды.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар