БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНДЕ САНАРИПТИК САБАТТУУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Май 2023 ж. 16:47

Көрүлдү: 743

2023-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жыйындар залында Европа Биримдигинин "DigiKonush санариптештирүү аркылуу Кыргызстандын элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу" долбоорунун санариптик өнүмдөрүн Кыргыз Республикасынын бир катар министрликтери менен ведомстволоруна өткөрүп берүү максатында кеңешме өттү.

post.title

Долбоордун негизги максаты – элеттик аялдардын жана жаштардын санариптик сабаттуулугун жана көндүмдөрүн өнүктүрүү, санариптик ажырымды кыскартуу.  

Сынакка 60 өтүнмө келип түшкөн, анын ичинен 35и акселерациялык программага киргизилген жана 13 мыкты идея долбоордон каржылоо алган. Баткен, Ысык-Көл жана Ош облустарында санариптик көндүмдөр борборлору ачылып, жабдылган.

КР Билим берүү жана илим министрлигиндеги кереге кеңеште санариптик көндүмдөр боюнча окуу курстарынын провайдерлеринин жана керектөөчүлөрүнүн интерактивдүү картасы жана КР БИМ үчүн статистикалык жылуулук картасы, онлайн сертификациялоо мүмкүнчүлүгү бар кесиптик лицейлер үчүн видео курс, ошондой эле ЖӨБ уставын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча Жол картасы сыяктуу долбоордун санариптик өнүмдөрү өткөрүлүп берилди. 

Кеңешмеге Эстония Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тоомас Тирс, тийиштүү мамлекеттик органдардын, кесиптик лицейлердин жана ЖМК өкүлдөрү катышты. 

Белгилесек, “DigiKonush - санариптештирүү аркылуу Кыргызстандын элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу" долбоору Эстония эл аралык Өнүктүрүү Борбору тарабынан каржыланат жана "Лидер" АДБ КБ тарабынан ишке ашырылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар