БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ДАЙЫНДАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Май 2023 ж. 16:08

Көрүлдү: 3043

Бүгүн, 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Рысбаева Аида Жолочуевна дайындалды. Эмгек жамаатка Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Миргазы Исаков тааныштырды.

post.title

Буга чейин министрдин орун басары болуп иштеген Джусупбекова Надира Сынташевна 2023-жылдын 11-майында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Рысбаева Аида Жолочуевна

Билими:

1995-жылы – Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун даарылоо иши

факультети;

1997-жылы – Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун клиникалык ординатурасын кожвенеролог адистиги;

Эмгек жолу:

1998-жылы – №14 шаардык поликлиникасында кожвенеролог;

2001-2002-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын аскердик медициналык кызматында кожвенеролог;

2002-2003-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоо реформаларын координациялоо боюнча башкы башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

2003-2007-ж.ж. – Эл аралык «Манас» аэропортунуну директорунун орун басары;

2008-2009-ж.ж. – Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк даарыгерлер борборунун  директорунун орун басары;

2009-2012-ж.ж. – Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк даарыгерлер борборунун  директору;

2013-2017-ж.ж. –  Кыргыз-Россия Славян университетинде улук окутуучу;

2017-2019-ж.ж. – Бишкек шаарындагы №13 үй-бүлөлүк даарыгерлер борборунун  директору;

2019-2020-ж.ж. – Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы;

2020-жылдын февраль айынан тартып – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча башчысы, акимдин орун басары.

Сыйлыктары:

2006-жылы – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасы;

2009-жылы – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;

2021-жылы – Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы;

2021-жылы – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Мыкты кызматы үчүн» төш белгиси;

2023-жылы – Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси класстык чени.

Эксперттик ишмердүүлүгү:

2018-жылы – «Миррахимовдук окуу» Эл аралык илимий-практикалык конференциясы;

2018-жылы – Респиратордук медицина боюнча Кыргыз-Грузин-Түрк конференциясы;

2022-жылы – Улуттук башкаруу жана экономикалык өнүгүү конференциясы (Гонконг эл аралык жана Макао окутуу борбору).

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар