№68 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНДА АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Май 2023 ж. 15:58

Көрүлдү: 2157

2023-жылдын 25-майында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева борбор калаадагы №68 мектеп-гимназиясында өткөн 2022-2023-окуу жылын жыйынтыктоого арналган салтанаттуу жыйынга катышты.

post.title

«Бүгүн өлкө боюнча 69 миң мектеп бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылат. Мектеп босогосун аттагандан кийин, сиз турмушка карай өз алдынча кадам таштайсыз. Баарыңыздарга албан ийгиликтерди, эмгекчилдикти, талбай өнүгүүнү жана тырышчаак болууңуздарды каалайм. Сиздерди тарбиялап өстүргөн мугалимдерге жана ата-энеңиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем», - деди Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, быйыл №68 мектеп-гимназиясында 11-классты – 74 окуучу, ал эми 9-классты 219 окуучу аяктап жатат.

Аталган билим берүү мекемесинде окуу процесси мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, көп тилдүү билим берүү принцибине таянат, мектеп окуучулары райондук жана шаардык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп, эки окуучу «Жылдын мыкты окуучусу» наамына ээ болгон.

Белгилесек, «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгы боюнча 2023-жылы мектеп-гимназиянын 8 бүтүрүүчүсү артыкчылык менен аттестат алууга укугун тастыктады.


Быйылкы жылы гимназиянын мугалимдеринин бири “Жылдын мыкты мугалими” сынагында 2-орунга ээ болсо, “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” шаардык сынагында 1-орунга ээ болуп, министрликтин сыйлыгы менен сыйланган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар