МЕКТЕПТЕРДЕ "АКЫРКЫ КОҢГУРОО" КАГЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Май 2023 ж. 12:23

Көрүлдү: 2150

Бүгүн, 25-майда өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды.

post.title

А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанатына билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышты.

“Бүгүн ар бирибиз мектепти аяктаган күнүбүздү эстеп, толкунданып турабыз. Биз дагы силердей бүтүрүүчү болгонбуз. Силер бүгүн бир жагынан мектепти бүтүргөнүңөргө сүйүнүп жатсаңар, экинчи жагынан келечекте кандай жол, тагдыр күтүп турганын али билбейсиңер. Алдыда туура кесип, окуу жай тандоо милдети турат. Дүйнө тездик менен өзгөрүп, жашообузга маалыматтык технологиялар, санариптик көндүмдөр, санарип сабаттуулук деген түшүнүктөр кирип калды. Мурда окуганды, жазганды сөзсүз билишибиз керек деп айтсак, бүгүнкү талап компьютердик технологиялардын базалык көндүмдөрүн билүү зарыл болуп калды. Мектепти аяктап жаткан ар бүтүрүүчү менен эң ириде ата-эне, эжей-агай менин балам, окуучум деп сыймыктана турган күн келет деп ишенем. Келечегиңер кең, сапарыңар байсалдуу болсун!”, - деди министрдин орун басары.

***

Сүрөттөрдүн арасында А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясында өткөн “Акыркы коңгуроо” салтанатынан дагы сүрөттөр бар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар