МИНИСТР КОРЕЯНЫН ЭЛЧИСИ ЛИ ВОН ЧЖЕ МЕНЕН БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Май 2023 ж. 15:44

Көрүлдү: 1359

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вон Чже менен жолугушуп, башталгыч кесиптик билим берүү тармагында IT адистерин даярдоо боюнча иш алып барууга кызыкдар экенин билдирди.

post.title

Ошондой эле министр июнь айында Кореяда өтө турган “Келечектеги билим берүү: инновация жана технология” форумуна Кыргызстандын бир нече жогорку окуу жайы катыша тургандыгын айтып, мындай билим аянтчалары билим, илим жаатындагы кызматташтыктын илгерлешине жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Ли Вон Чже министрлик менен тыгыз кызматташууга жана биргеликте иш алып барууга даяр экендигин айтты.

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар