КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ КАЗАКСТАНДЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Май 2023 ж. 15:38

Көрүлдү: 858

Бүгүн, 24-майда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды.

post.title

Жолугушууда министр Каныбек Иманалиев 2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган Кыргызстандын жарандарынын арасында конкурстук тандоо башталгандыгын билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн билим берүү, илим багытындагы кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү жана алдыга жылдыруу негизги максат экендигин белгилешти. Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ЖОЖдорунун кызматташтыгын бекемдөө үчүн биргелешкен долбоорлор башталгандыгы маалымдалды.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар