БИШКЕКТЕГИ 5 УНИВЕРСИТЕТ ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО АКЦИЯЛАРЫ ҮЧҮН ГРАНТ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Май 2023 ж. 15:06

Көрүлдү: 523

Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору Бишкек шаарындагы 5 жогорку окуу жайына чакан гранттар программасы аркылуу, студенттер арасында сергек жүрүм-турумду жайылтуу максатында эки миллион сомдон ашык каражат бөлдү.

post.title

Университеттердин арасында чакан гранттар программасы 2022-жылдын октябрь айында жарыяланып, грант алууга 14 университет арыз берген.

Грант алган жогорку окуу жайлар:

  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети - окуу жайдын кампусунда спорт аянтчасын орнотуу;
  • Эл аралык Кувейт университети – спорт аянтчасын жана сырткы машыгуучу тренажерлорду орнотуу, машыгуу залына спорттук жабдууларды сатып алуу;
  • Адам университети – студенттердин спорт менен машыгуусун колдоо максатында, окуу жайдын спорт залын жабдуу;
  • Эл аралык "Ала-Тоо" университети – физикалык активдүүлүктү жогорулатууга түрткү берүү максатында, окуу жайдын спорт залын жабдуу;
  • М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети - аралаш йога, фитнес-хореография, стол үстүндөгү спорт боюнча зонаны уюштуруу. Студенттерди пайдалуу тамак-аш менен камсыз кылуу жана туура тамактанууну жайылтуу максатында “Фито-чай-салат бар” ачылышы.

ЖОЖдордо физикалык активдүүлүктү жана туура тамактанууну жайылтуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, жугуштуу эмес оорулардын жүрүм-турум тобокелдик факторлорун азайтууга жардам берет.

Университеттер спорт аянтчаларын жана пайдалуу тамактануу пункттарын орнотуп бүттү. Чакан гранттар программасынын алкагында, университеттер студенттердин ден соолугун чыңдоо максатында маалымат кампанияларын жана ден соолук күндөрүн/жарманкелерин өткөрүштү.

Долбоордун биринчи фазасы 2018-жылдан тарта Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл обулустарын камтыса, 2022-жылдын июль айынан баштап Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашырылууда.

Программанын негизги максаты – студенттердин ден соолугун чыңдоо жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар