БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Май 2023 ж. 11:42

Көрүлдү: 523

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, Ысык-Ата районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы Ивановка №1 жалпы билим берүү орто мектеп-гимназиясы боюнча интернет тармактарына тарап жаткан видео тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет:

post.title

 

Ивановка айыл аймагына караштуу Ивановка айылында жайгашкан Ч. Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясында катуу жамгыр жааган сайын жамгырдын суусу атайын суу чыгып кетүүчү арыкчалардын жоктугуна байланыштуу мектеп короосунда топтолуп калат. Мектептин алды 1982-жылы бетон блоктор менен төшөлгөн, суу чыгып кетүүчү арыкчалар жасалган эмес. Азыркы учурда бул жер оңдоп-түзөөгө муктаж. Эки жыл мурун айыл өкмөтүнө мектептин алдына таманташ (брусчатка) төшөө боюнча долбоор жазылып, бирок долбоор өткөн эмес.

2023-жылдын 22-майында жааган катуу жамгырдан кийин суу мектептин алдында топтолуп, балдардын мектепке кирүүсүнө тоскоолдук  туудурган. Балдар мектепке кире албай сууну кечип өтүүгө аргасыз болушкан. Мектепте бир короо шыпыруучу (дворник), чарба иштери боюнча директордун орун басары жана бир техничка иштейт. Алар короодогу сууну ташып баштаган. Бирок эки, үч адамдын сууну тез арада ташып жетишүүсү мүмкүн эмес эле. Мектептин тарбия иштери боюнча орун басарлары А.Ж.Жусупова жана Н.А.Майбилекова 10-класстын окуучуларынан сууну ташууга жардам берүүлөрүн суранышканда балдар өз  ыктыярлары менен макул болушкан. Окуучулар бул көрүнүштү байкап, өз жардамдарын сунуштагылары келгенин да билдиришкен. Анткени бул балдардын көпчүлүгү мектеп парламентинин мүчөлөрү, алар дайыма мектептин  иштерине жардам берип келишкен.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар