"ОКУЙБУЗ, ЖАРАТАБЫЗ, ИЗИЛДЕЙБИЗ!" СЫНАГЫНДА 11 ИШ МЫКТЫ ДЕП АНЫКТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Май 2023 ж. 18:33

Көрүлдү: 779

2023-жылдын 19-22-майында "Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!" долбоордук-изилдѳѳ иштеринин республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

post.title

Быйылкы сынактын негизги багыттары катары "Мен жана менин дүйнөм" (1-2-класстар), "Көп улуттуу Кыргызстандын элдеринин маданияты" (3-4-класстар) жана "Жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайбыз" (5-6-класстар) темалары камтылды. 

Өлкө боюнча 2487 изилдөө долбоору сынакка катышып, облустар алкагында чыккан 40 жеңүүчү республикалык дэңгээлде тандалып алынды.  Мындан тышкары жети долбоор атайын номинация менен белгиленди. Жыйынтыгында Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынан келген мектеп командаларына мыкты деп таанылган 11 иш үчүн алдыңкы орундар ыйгарылган.

Изилдөө долбоор жетекчилери жана жеңүүчүлөр атайын дипломдор жана китеп алууга сертификаттар менен сыйланды.
Жыл сайын ѳткѳрүлүүчү "Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!" сынагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу астында окуу, маалыматтык жана изилдѳѳ кѳндүмдѳрдү жана чыгармачыл мүмкүнчүлүктѳрдү ѳнүктүрүү макстында уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар