РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ: “БААРЫБЫЗДЫН МАКСАТЫБЫЗ – ѲЛКѲДѲГҮ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТУУ”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Май 2023 ж. 17:23

Көрүлдү: 1236

23-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Кыргызстандын билим берүү системасы: бүгүн жана эртең. Өлкөнүн келечегин аныктай турган өзгөрүүлөр” аттуу тегерек столго катышты.

post.title

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, билим берүү маселелери боюнча эксперттер катышты.

“Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү тармагын оңдоого багытталган кандай гана демилге болбосун сөзсүз колдойт. Учурда “Билим берүү жөнүндө” эки мыйзам долбоору кароонун алдында турат. Бири депутаттар, жарандык коом тарабынан демилгеленген, экинчиси Билим берүү жана илим министрлиги демилгелеген. Кыргызстандагы билим берүү системасы баарыбызга керек. Мамлекеттик уюм болобу же жарандык коом болобу бул жерде бөлүнүп-жарынуу болбошу керек. Бул жердеги баарыбыздын максатыбыз – ѳлкѳдѳгү билим берүү системасын оңдоо, жакшыртуу”, - деп билдирди министрдин орун басары Расул Абазбек уулу.

Тегерек столдун катышуучулары Н.Никитенконун “Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы: өнүгүүнүн негизги багыттары. Реформалардын жыйынтыктары, XXI кылымдын жаңы парадигмасы”, А.Ивановдун “Үч муунду камтыган реформалар. Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнү реформалоо көйгөйлөрү”, О.Уманкулованын “Жогорку билим берүүнүн сапаты – негизги өнүгүү тенденциясы катары” темаларындагы баяндамаларын угушту.

Талкуунун жүрүшүндө эксперттер аккредитацияны жеке менчик мектептерге гана калтыруу, өзгөчө чет өлкөлүк каржылоодогу, ар бир окуучуга окуу жайын тандоо укугуна ваучерлерди киргизүү, мектептердин ишин ата-энелер менен кошо каржылоонун мыйзамдуу жана ачык-айкын механизмдерин иштеп чыгуу, искусство тармагындагы билим берүү уюмдарынын статусун белгилөө сунуштарын айтышты.

Тегерек стол “EdNet билим берүү жаатында таанылган сапатты кепилдөө агенттиги” коомдук фонду жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар