МЕКТЕПТЕРГЕ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ДАЯРДЫК КӨРҮҮ ҮЧҮН ЖАБДУУЛАР ЖАНА КОМПЬЮТЕРЛЕР БЕРИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Май 2023 ж. 17:02

Көрүлдү: 454

Жапон өкмөтүнүн көмөгү менен, Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коому менен кызматташтыкта ЮНИСЕФ 1,3 миллион АКШ долларына 600 мектептин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын камсыз кылуу үчүн 15 миң техникалык жана медициналык жабдуу, 100 мектепке 863 компьютер сатып алып, таратып берди.

post.title

Бүгүн, 22-майда билим берүү жана илим министрлигинин тарбия секторунун башчысы Эржигит Ибраимов, Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хидеки Года жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм Чүй облусунун Арашан айылындагы Стрельникова атындагы орто мектепте жабдууларды өткөрүп берүү жана жер титирөөгө чара көрүү иш-чарасына катышты.

“Бүгүн Жапон өкмөтү мектепке авариялык-куткаруучу жабдууларды берип жатат. Бул жабдуулар менен окуучулар тынчсызданбай жана коркпой мектепте билим ала беришет”, - деп билдирди Хидеки Года.

Мектепке берилген жабдууларга өзгөчө кырдаалдар маалында биринчи кезекте зарыл болгон мегафондор, кол сиреналары, өрт калканчтары, эвакуациялоо үчүн замбилдер, алгачкы жардам көрсөтүү үчүн баштыкчалар, кырсык тобокелдиги тууралуу маалымат такталары жана авариялык эшик туткалары кирет. Аталган жабдуулар “Кыргыз Республикасында балдардын климаттык жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында сатып алынган. Долбоорду Жапон өкмөтүнүн каржылоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биргеликте ишке ашырып келет. Долбоор “2015-2024-жылдарга Кыргыз Республикасындагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки мекемелер” Мамлекеттик программасын ишке ашырууну колдойт. Жапон өкмөтү каржылаган алгачкы үч жылдык этапта (2017-2020-жылдары) өлкө боюнча 121 мектепте 65 миңден ашык бала табигый кырсыктарга даярдана алышты.

“Табигый кырсыктар болуп турган аймакта жашап, өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу үчүн биз мектептерди бардык керектүү жабдуулар менен камсыз кылышыбыз керек. Бул долбоордун алкагында биз аларга керектүү көндүмдөрдү үйрөтүп, мектептерде өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын так пландарынын болушун камсыздайбыз”, - деди Кристин Жольм.

Өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыз кылган жабдуулардан тышкары Жапон өкмөтү каржылаган башка бир долбоор аркылуу Бишкектеги жана Оштогу жаңы конуштардагы, ошондой эле элет жерлериндеги айрым мектептерге компьютерлер жеткирилди. Бул мектептерди Билим берүү жана илим министрлиги санариптик окутууну кеңейтип, окуучулардын эсеп чыгаруу көндүмдөрүн жана сабаттуулугун жогорулатуу үчүн стратегиялык аймак катары аныктаган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар