БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Май 2023 ж. 17:07

Көрүлдү: 722

Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад облусттук билим берүү усулдук борборунун берген маалыматына таянып, Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебиндеги окуучу кызга байланыштуу социалдык тармактарга тарап жаткан видео боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Аталган окуя 2023-жылдын 31-январында 7-класстын окуучулары арасында болгон.

2023-жылдын 19-майында Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен Жалал-Абад облусттук билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ч.Койчуманова мектепке барып, окуянын жүрүшү боюнча териштирүү иштерин жүргүздү.

Мектептин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу А.Хаджимиддинов, тарбиялык иштер боюнча орун басары Ш.Якубов, соцпедагог А.Жолборсова жана класс жетекчилер менен сүйлөшүлүп, окуянын жүрүшүндөгү кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө окуянын жыйынтыгы боюнча тиешелүүлүүгүнө жараша мектептин администрация мүчөлөрүнө, соцпедагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде жаза колдонуу милдеттендирилди.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар