КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ USAIDдин АЗИЯ БЮРОСУНУН ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Май 2023 ж. 16:47

Көрүлдү: 577

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев USAIDдин Азия бюросунун Билим берүү программасы боюнча улук кеңешчиси Митч Кирби менен жолугушту.

post.title

Анда тараптар Министрликтин USAID менен болгон кызматташтыгы, ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлор жана келечектеги пландар тууралуу пикир алышты.

Тагыраагы, жолугушууда USAID тарабынан учурда жүргүзүлүп жаткан “Окуу керемет!” долбоору, анын алкагында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, алардын санарип көндүмдөр боюнча билим деңгээлин көтөрүү жана билим берүү тармагына байланыштуу башка темалар талкууланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар