600ДӨН АШУУН АНГЛИС ТИЛИ МУГАЛИМИ КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Май 2023 ж. 14:06

Көрүлдү: 666

Билим берүү жана илим министрлиги менен “Англия Экзаминейшнс” билим берүү мекемеси биргелешип баштап жаткан долбоордун алкагында 2023-жылдын 1-июлунан тарта англис тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу башталат. 10 күнгө созулган окутуу Ысык-Көл облусунда өтөт.

post.title

Азыркы убакта долбоор өлкө боюнча 316 мектепти камтууда. Долбоор ийгиликтүү ишке ашкан соң тажрыйба башка мектептерге дагы жайылтылат.

Республика боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында 1200гө жакын англис тил мугалими катышуу оюн билдирип, анын 600дөн ашууну тандалып алынган. Тандалган мугалимдер менен 3 жыл бою иш алып барылат.

Долбоордун натыйжасында өлкөнүн мектептерине англис тилин үйрөтүүнүн инновациялык методикасын киргизүү менен окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу каралган.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен  “Англия Экзаминейшнс” билим берүү мекемеси биргеликте Бишкек шаарында англис тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу борборун ачууну мерчемдөөдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар