9-11-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ БЕШ ПРЕДМЕТ БОЮНЧА АТТЕСТАЦИЯДАН ӨТӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Май 2023 ж. 15:37

Көрүлдү: 3062

Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча 2022-2023-окуу жылында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жөнүндө” буйругуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында алардын тибине жана менчигинин түрүнө карабастан учурдагы окуу жылы 2023-жылдын 25-майында аяктайт.

post.title

9-класстын окуучулары 2-19-июнь күндөрү 5 предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана 1 тандоо боюнча аттестациядан өтөт.

  1. 2023-жылдын 2-июну – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;
  2. 2023-жылдын 7-июну – эне тилинен, дилбаяндын элементтери менен баяндама;
  3. 2023-жылдын 12-июну – кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө);
  4. 2023-жылдын 15-июну – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;
  5. тандалган предмет боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп - лицейлер, мектеп - гимназиялар, окуу - тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).

11-класстын окуучулары 2-20-июнь күндөрү 5 предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана 1 тандоо боюнча аттестациядан өтөт.

  1. 2023-жылдын 2-июну – эне тили жана адабияты, эссе;
  2. 2023-жылдын 7-июну – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;
  3. 2023-жылдын 12-июну – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;
  4. 2023-жылдын 16-июну – кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана/же орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө).
  5. тандалган предметтер боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу-тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).

15-майдан 24-майга чейин 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн сабактан тышкаркы убакта дене тарбия предмети боюнча зачет өткөрүлөт.

Жазуу түрүндɵ өткөрүлүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы саат 9.00дɵ башталат.

Буйрук

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар