Мыкты мугалимдерге жана тарбиячыларга ведомстволук сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды

Автор: Борбордук аппарат

5 Октябрь 2021 ж. 22:00

Көрүлдү: 1010

Бүгүн «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда Мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле өлкөнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.

post.title

Иш-чаранын алкагында билим берүү системасында 30 жылдан ашуун мезгилден бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан мугалимдерге ведомстволук сыйлыктар, ал эми «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылды.

30 жылдан ашуун убакыттан бери ардактуу кесипти аркалап келе жаткан тажрыйбалуу мугалимдерге «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин министр Болотбек Купешев өз колу менен тапшырды.

Ал эми республикалык кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектерди министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов жана министрдин орун басары Надира Джусупбекова тапшырды.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 30-сентябрында жана 1-октябрында Бишкек шаарында «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынагынын финалдык туру өткөрүлгөн.

Кароо-сынак эки турда өтүп, 3 кароо-сынактык иш-чараны камтыды.

I турда катышуучулар педагогикалык тажрыйбасын презентациялап, калыстар тобунун мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти. Андан соң мастер-класс өтүштү.

II турда кароо-сынактык сабак өтүп, өздөрүн-өздөрү талдашты. Кароо-сынактык сабактын темасы калыстар тобу тарабынан сынак өткөрүлүп жаткан жалпы билим берүү уюмунун календардык-тематикалык планына ылайык аныкталды.

Эки күндүк кароо-сынактын жыйынтыгына жараша жеңүүчүлөр аныкталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар