ЭКИ ЖУМАДА 1-КЛАССКА 47 МИҢ 491 БАЛА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Апрель 2023 ж. 11:35

Көрүлдү: 517

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 23-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 47 миң 491 бала кабыл алынгандыгын маалымдайт. Анын ичинен 701 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

post.title

Бишкек шаарында4 миң 819 бала (анын ичинен 226 бала жеңилдик менен) кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунда – 9 миң 144 бала (анын 79у жеңилдик менен)

Чүй облусунда – 6 миң 316 бала (анын 90у жеңилдик менен)

Ош облусунда – 9 миң 336 бала (анын 83ү жеңилдик менен)

Ысык-Көл облусунда – 5 миң 144 бала (анын 28и жеңилдик менен)

Баткен облусунда – 5 миң 952 бала (анын 82си жеңилдик менен)

Талас облусунда – 2 миң 736 бала (анын 48и жеңилдик менен)

Нарын облусунда – 3 миң 181 бала (анын 30у жеңилдик менен)

Ош шаарында – 863 бала (анын 35и жеңилдик менен)

Башкача айтканда, катталган жери боюнча мектептин биринчи классына электрондук каттоо мүмкүнчүлүгүн колдонушту:

Бишкек шаарында балдардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү – 23%,

Ысык-Көл облусунда – 35%,

Баткен облусунда – 35%,

Талас облусунда – 37%,

Чүй облусунда – 21%,

Жалал-Абад облусунда – 25%,

Нарын облусунда – 41%,

Ош облусунда – 23%,

Ош шаарынын – 8%.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 10-апрелинен тарта баланы мамлекеттик же муниципалдык мектептин 1-классына ата-энесинин юридикалык катталган дареги боюнча, 26-июндан баштап дарегине карабай каалаган мектепте бош орундар болсо катталууга болот.

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт - https://mektep.edu.gov.kg/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар