Кыргызстан жана Казакстан онлайн окутуу боюнча бирдиктүү порталды түзүүнү пландоодо

Автор: Борбордук аппарат

30 Сентябрь 2021 ж. 19:48

Көрүлдү: 1000

2021-жылдын 27-28-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азиялык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров менен Казакстан Республикасынын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министри Багдат Мусиндин жолугушуусу болуп өттү.

post.title

Тараптар пандемия маалында онлайн форматында окутуу процессин уюштуруу, эки өлкөнүн билим берүү мекемелерин дистанттык окутууга өткөрүү тажрыйбасын бөлүшүштү жана абитуриенттерди кабыл алууну, мектеп окуучуларынын сынактарды тапшыруусун, мугалимдердин жана окутуучулардын иштөөсүн уюштуруу маалында баштан кечирген кыйынчылыктарды талкуулашты.   

Андан тышкары тараптар Борбор Азия чөлкөмүнүн маалымат технологияларын жана адам ресурстарын бириктирүүгө мүмкүндүк бере турган онлайн окутуу боюнча бирдиктүү интернет порталды түзүүдө кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты. Атап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын профессорлору өздөрүнүн дарстарын, китептерин жана башка окуу материалдарын жайгаштыра ала турган бирдиктүү электрондук порталды түзүү, ошондой эле инженердик предметтер үчүн бирдиктүү контентти иштеп чыгуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маалымат технологиялары секторунун билим берүүдөгү жана жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүндөгү санариптик өнүгүүдөгү демилгелерин колдоого алууну макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар