“АК-СУУ ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКТЕП-ИНТЕРНАТЫ” МЕКЕМЕСИНИН ДИРЕКТОРУ ЭЭЛЕГЕН КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Апрель 2023 ж. 18:17

Көрүлдү: 867

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 18-апрелинен тартып комиссиянын чечими менен “Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты” мекемесинин директору Ниязова Жеңишкүл Карабековна ээлеген кызматынан бошотулгандыгын маалымдайт.

post.title

2023-жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты” мекемесинин директору Ниязова Жеңишкүл Карабековнанын педагогикалык этиканы сактабай, мугалимдердин аброюна шек келтирип, аларды басынтып, ыплас сөздөрдү айтып, кол көтөргөндүгү тууралуу аудио социалдык тармактарга тараган.

Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен аталган мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле мектеп-интернаттын окуу-тарбиялык процесстерин белгиленген укук-ченемдик актыларга ылайык уюштуруу жана аткаруу, балдардын жатаканада жашоосун камсыздоо, окуучулардын жеткиликтүү жана сапаттуу билим алуусун башкаруу, жөнгө салуу ишмердүүлүгүн жетектөө ишмердүүлүгү текшерилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар