БИШКЕКТЕ ЭЛ АРАЛЫК ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН ИЛИМИЙ КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Март 2023 ж. 12:15

Көрүлдү: 1556

Бүгүн, 28-мартта Эл аралык Түрк Академиясынын илимий кеңешинин кезектеги VI жыйыны башталды.

post.title

Жыйынга Эл аралык Түрк Академиясынын Президенти Шаин Мустафаев, КР Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Азербайжан Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Идрис Исаев, Казахстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Илим комитетинин төрагасы Дархан Ахмед-Заки, Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигинин Билим берүү жана тартип боюнча кеңешинин төрагасы Жихад Демирли, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги, ошондой эле боордош өлкөлөрдөгү билим берүү жана илим үчүн жооптуу ведомстволордун өкүлдөрү жана эксперттери катышууда.

Жыйындын башында Түрк академиясынын илимий кеңешинин төрагалыгы Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди.

Эл аралык Түрк Академиясынын Президенти Шаин Мустафаев 2022-жыл үчүн аткарылган академиянын иштер тууралуу отчет берип, 2023-жылга карата долбоорлордун планы менен тааныштырууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар