Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Тажикстандын жарандарынын маселеси боюнча түшүндүрмө

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Сентябрь 2021 ж. 20:50

Көрүлдү: 1098

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү буйругунун долбоору иштелип чыккан.

post.title

Буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга тапшырган же окутуучу/мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстан Республикасынын жарандарына, анын ичинде этникалык кыргыздарга, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Ушул тапта буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары менен макулдашылууда.

Тажик тарапка бул тууралуу эрте эле эскертилген.

Белгилей кетсек, 2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында 2000 миңдей Тажикстандын жараны окуган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар