МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ РЕФОРМАЛАР БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Март 2023 ж. 15:00

Көрүлдү: 636

Бүгүн, 11-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүм башчылары, эксперттер, анын ичинде «Эпсилон» мектебинин директору Азамат Дикамбаев, И. Раззаков атындагы КТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, мектепке чейинки мекемелер ассоциациясынын жетекчиси Эльмира Каримова менен реформалар жөнүндө кеңешме өткөрдү.

post.title

Кеңешмеде “Кыргыз Республикасында билим берүүнү жана илимди концептуалдык реформалоо презентациясы сунушталып, мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкаркы, башталгыч жана орто кесиптик, жогорку билим берүү жана илим тармагындагы реформалардын мүмкүн болгон багыттары каралды.

Катышуучулар билим берүү жана илим тармагындагы көйгөйлөрдү, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү менен камтуу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу зарылдыгын белгилешип, мектепке чейинки билим берүү ишин лицензиялоодон кабарлоо системасына өтүү, PISA-2025 изилдөөсү башталганга чейин окуучулардын функционалдык сабаттуулугу боюнча 5 жолудан кем эмес олимпиадаларды өткөрүү, 9-10-класстын окуучулары үчүн ыктыярдуу ЖРТ сыноо, мектепте окутуу укугун алуу үчүн мугалимдерди көз карандысыз сертификациялоо, “Мыкты мугалим” республикалык кароо-сынагын жаңы форматта уюштуруу, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү үчүн дуалдык окутууну киргизүү, формалдуу эмес окутуунун натыйжаларын таанууну жөнгө салуу, ЖОЖдорду ирилештирүү, ЖОЖдорду “ачык университеттерге” айландыруу, чоңдор үчүн үзгүлтүксүз кесиптик окутуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, илим фондун түзүү, жаш окумуштуулардын долбоорлору үчүн гранттарды бөлүү, Касым Тыныстанов атындагы сыйлыктарды уюштуруу жөнүндө сунуштарды талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар