МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА АЧЫК КОНКУРС

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Март 2023 ж. 12:09

Көрүлдү: 962

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2023-жылдын 11-мартынан тартып 2023-жылдын 28-мартына чейин ачык конкурс жарыялайт.

post.title

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

- жеке арызы;

- өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);

- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);

- нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү;

- соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. 

Талапкерлерге коюлган талаптар жөнүндө кененирээк маалымат  - https://edu.gov.kg/announcements/210/ 

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 11-мартынан тартып 2023-жылдын 28-марты саат 18:00 гө чейин.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 219-кабинет (Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида).
Дареги: Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү, 257.
Байланыш телефону: (0312) 62-05-09

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар