ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИНИН ЭҢ МЫКТЫ ЭКИ ДОЛБООРУ ҮЧҮН ГРАНТТАР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Март 2023 ж. 17:59

Көрүлдү: 391

2023-жылдын 6-мартында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда студенттер жана магистранттар үчүн алты күндүк бизнес окутуу башталды.

post.title

Жаш стартаперлер жеке ишкердикти баштоонун этаптарын үйрөнүп жатышат.

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID), Ага Хан фонду жана ОшМПУ тарабынан уюштурулган окутууга 100дөн ашуун студенттен өтүнмө түшүп, анын 30у тандалып алынган.

Белгилей кетсек, окутуунун соңку күнүндө бизнес-идеялардын сынагы уюштурулуп, эң мыкты деп табылган эки долбоорго 2000ден 4000 АКШ долларына чейин грант берилет.  

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар