№91 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНДА “АДЕПТҮҮЛҮКТҮН МЫЙЗАМДАРЫ” ТЕМАСЫНДА ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Март 2023 ж. 15:56

Көрүлдү: 406

Бишкек шаарындагы №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиясынын 10-класстарынын окуучуларына “Адептүүлүктүн мыйзамдары” темасында тарбиялык сааттар өтүлдү.

post.title

Ага билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Кыялбек Акматов, министрликтин тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Индира Токонова, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова катышты.

Тарбиялык сааттардын жүрүшүндө окуучулар топторго бөлүнүп, ар кандай интерактивдүү оюндарды ойноп, суроолорго жооп беришти. Ошондой эле кыргыз кинотасмаларынан үзүндүлөрдү көрүшүп, кырдаалдарды талдашып, адамдагы мыкты сапаттардын асылдыгы боюнча ойлорун айтышты.

Министрдин кеңешчиси Кыялбек Акматов окуучуларга тарбиялык сааттарды өтүп туруу, ата-энелер менен тыгыз иштешүү, биргеликте ар кандай иш-чараларды уюштуруу жемиштүү болорун белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар