ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАЗГЫ КАНИКУЛУ 20-МАРТТАН БАШТАЛАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Март 2023 ж. 14:59

Көрүлдү: 1630

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылынын Базистик окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 2023-жылдын 22-мартынан 26-мартына чейин (5 календардык күн) созула тургандыгын маалымдайт.

post.title

Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 18-марттан 21-мартка чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланган. Буга байланыштуу окуучулар 20-марттан тарта эс алууга чыгат. 

Сабактар 2023-жылдын 27-мартынан башталат.

Эскерте кетсек, 2022-2023-окуу жылынын Базистик окуу планына ылайык, окуучулардын жазгы каникулу 10 күнгө созулмак. Бирок январь айында аба ырайынын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу кышкы каникул узартылып, жазгы каникул кыскартылган.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар