МИНИСТР ОРОК ОРТО МЕКТЕБИНДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨР БОЮНЧА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Март 2023 ж. 18:20

Көрүлдү: 499

Бүгүн, 9-мартта Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Орок орто мектебиндеги көйгөйлөр боюнча жарандарды кабыл алды.

post.title

Министр жарандардын кайрылуулары боюнча дыкат териштирүүлөрдү жүргүзүп, маселени жеринде чечүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Каныбек Иманалиев блогер, журналист Улукбек Карыбек уулун кабыл алып, министрлик ар дайым жарандардын көйгөйлөрүн угуп, аны чечүүгө даяр экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, министр Каныбек Иманалиев ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00 го чейин жарандарды кабыл алат. 

Эскертүү!

Министрдин же орун басарлардын кабыл алуусунда болуу үчүн коомдук кабылдама аркылуу алдын-ала жазылуу керек.

Жарандарды кабыл алуунун графиги менен таанышуу үчүн – https://edu.gov.kg/posts/1385/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар