АРЧА-БЕШИК КОНУШУНДА КӨЧМӨ БАЛА БАКЧА ИШТЕЙ БАШТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Март 2023 ж. 15:38

Көрүлдү: 465

Бүгүн, 9-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын колдоосу менен Арча-Бешик конушундагы №93 мектептин базасында көчмө бала бакча ачылды.

post.title

Көчмө бала бакчага түрдүү себептерден улам мектепке чейинки билим берүүгө камтылбаган 3-5 жаштагы 22 бала   барат. Алар үчүн эрте  өнүктүрүү, тарбиялоо жана окутуу шарттары түзүлдү. Балдар  көчмө бала бакчада болгон учурда алардын ата-энелерине бала тарбиялоо боюнча усулдук жардам көрсөтүлөт. 

Көчмө бала бакча долбоорун пилоттук негизде ишке ашыруу үчүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева жана аталган кафедранын мугалимдери, студенттери тартылды. 
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар