МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО-2023: ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Март 2023 ж. 15:00

Көрүлдү: 2034

Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакты өткөрүүнүн күндөрү белгилүү болгондугун маалымдайт.

post.title

Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү сынакты өткөрүү жөнүндө жарыя министрликтин расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндү түзөт. Тагыраагы, 2023-жылдын 22-мартына чейин.

Документтерди ар бир облус, шаар өзүнө тиешелүү болгон электрондук дарекке жиберет.

konkurs5.naryn.2023@gmail.com

konkurs5.chui.2023@gmail.com

konkurs5.talas.2023@gmail.com

konkurs5.ik.2023@gmail.com

konkurs5.ja.2023@gmail.com

konkurs5.batken.2023@gmail.com

konkurs5.osh.2023@gmail.com

konkurs5.bishkek.2023@gmail.com

Тестирлөө төмөндөгү график боюнча  өткөрүлөт:

2023-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтсө, ушул эле күнү Ош облусу боюнча Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

Нарын, Талас, Ысык-Көл облустары боюнча тестирлөө сынагы 2023-жылдын 5-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт. Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча тестирлөө сынагы ушул эле күнү Ош мамлекеттик университетинде болот.

Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда – 27  ваканттык орун бар.

Сынактын толук жобосу менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 6-мартында республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмесин жарыялаган https://edu.gov.kg/posts/1405/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар