БАЛДАРДЫН СҮРӨТҮН ЖАРЫЯЛОО ҮЧҮН АТА-ЭНЕНИН УРУКСАТЫ КЕРЕК

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Февраль 2023 ж. 17:49

Көрүлдү: 504

Билим берүү жана илим министрлигинин ЖМКтар менен иштөө бөлүмү билим берүү тармагынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 19-беренесине ылайык, “кандайдыр бир адамдын сүрөтүн бул адамдын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок” экендигин эскертет.

post.title

Балдар катышкан фото, видео же башка сүрөттөрдү жарыялоо жана жайылтуу үчүн алардын ата-энелеринен (камкорчуларынан, багуучуларынан) уруксат суроо керек.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар