ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН БААЛОО

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Февраль 2023 ж. 17:29

Көрүлдү: 579

2023-жылдын 16-январында билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов мамлекеттик илимий мекемелердин ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйынын өткөрдү.

post.title

2023-жылдын 10-февралында Жумушчу топ иштөө методикасын жана илимий институттарды кыдыруунун графигин даярдоо чечимин кабыл алды.илимий изилдөө институттарынын ишмердүүлүгүн баалоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №80 тескемеси чыккан.

Тескемени аткаруунун алкагында жумушчу топ мониторингди М.Адышев атындагы геология институту, Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту, Машина таануу жана автоматика институттарынан баштады.

Мамлекеттик илимий мекемелердин ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы:

  1. Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
  2. Абазбек уулу Расул – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
  3. Жакшылыков Жылдызбек Жакшылыкович -  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы.
  4. Баетов Батыркул Исаевич – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын алдындагы Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы;
  5. Худайбергенова Бермет Мерлисовна – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий катчысы;
  6. Темикеева Айдай Конушбековна – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директорунун орун басары;
  7. Монолов Мирбек Кытайбекович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
  8. Асизбаев Рустам Акимжанович – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары;

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар