МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО - 2023: ТЕСТИРЛӨӨНҮН ГРАФИГИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Февраль 2023 ж. 14:04

Көрүлдү: 1955

Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакты өткөрүүнүн күндөрү белгилүү болгондугун маалымдайт.

post.title

Тестирлөө төмөндөгү график боюнча  өткөрүлөт:

Бишкек шаары –2023-жылдын 28-февралында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.

Ваканттык орундардын саны – 4

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.

 

Ош облусу  –2023-жылдын 28-февралында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

Ваканттык орундардын саны – 83

Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75ден талапкер катышат.

 

Чүй облусу –2023-жылдын 28-февралында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.

Ваканттык орундардын саны – 43

Тестирлөө эки нөөмөттө өтөт.

 

Талас облусу  –2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.

Ваканттык орундардын саны – 6

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.

 

Ысык-Көл облусу  –2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.

Ваканттык орундардын саны – 11

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.

 

Нарын облусу  –2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.

Ваканттык орундардын саны – 9

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.

 

Жалал-Абад облусу  –2023-жылдын 1-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

Ваканттык орундардын саны – 83

Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75ден талапкер катышат.

 

Баткен облусу  –2023-жылдын 2-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

Ваканттык орундардын саны – 36

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 70 талапкер катышат.

 

Ош шаары –2023-жылдын 2-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

Ваканттык орундардын саны – 1

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 8 талапкер катышат.

 

Регистрация: 9:00, 12:00

Тестирлөөнүн башталышы: 1-нөөмөт  9:30, 2-нөөмөт  12:30

Апелляциянын башталышы: 16:30

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-февралында Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялаган.

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар