ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ: АКЫНДАРДЫН КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КОШКОН САЛЫМЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Февраль 2023 ж. 18:36

Көрүлдү: 570

Бүгүн Эне тил күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Касымалы Баялинов атындагы улуттук китепканада Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Акындар ыр окушат” аттуу поэзия кечеси уюштурулду.

post.title

Ага Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, министрликтин өкүлдөрү, акындар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, мектеп мугалимдери жана студенттер катышты.

Кеченин жүрүшүндө поэзия ышкыбоздору тарабынан патриоттук жана лирикалык жанрдагы ыр саптар, котормолор, обондуу ырлар жаңырды.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова өз сөзүндө өсүп келе жаткан муунга кыргыз тилин окутууда жаңы, кызыктыруучу методикаларды колдонуу учурдун талабы болуп турганын белгиледи. Катышуучулар кыргыз тилин пропагандалоодогу чыгармачыл инсандардын орду, социалдык тармактардын, медиа жаатынын жана ар түрдүү интернет платформаларынын таасирин да чоң мааниге ээ экенин билдиришти.

Иш-чара суроо-жооп форматындагы талкуу менен уланып, катышуучулар кыргыз тилинин коомчулуктагы орду, тилге байланышкан көйгөйлөр жана аны чечүү жолдорун талкуулашты.

КӨБҮРӨӨК СҮРӨТТӨР: https://www.facebook.com/bilimilimkg/posts/pfbid027qXz66Ke3y8tZZbVGfzaioy4u1HMcAfsZjsvRNBVZ9scGZjvhBkRxwYCxVi2YFGyl 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар