6-11-КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН РЕСПУБЛИКАЛЫК МАТЕМАТИКАЛЫК ОЛИМПИАДА ӨТКӨРҮЛӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Февраль 2023 ж. 15:03

Көрүлдү: 18373

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз-Швед математика мектеби (KSMS) менен биргеликте 6-11 класстардын окуучулары арасында Республикалык математикалык олимпиада өткөрөт.

post.title

6-8-класстар үчүн олимпиада 2023-жылдын 5-мартында онлайн форматта бир этап менен өтөт.  9-11-класстар үчүн олимпиада эки этап менен өтөтБиринчи этап онлайн форматта өткөрүлөт.

I этапты (онлайн) онлайн форматта өткөрүү графиги:

-          6-7 - класстар үчүн - 2023-жылдын 5 -мартында саат 11:00дө башталат;

-          8-9 - класстар үчүн - 2023-жылдын 5 -мартында саат 12:00дө башталат;

-          10-11-класстар үчүн - 2023-жылдын 5-мартында саат 13:00дө башталат.

II этап - офлайн форматында 2023-жылдын 19-мартында саат 12.00дө башталат.

Олимпиаданын II этабына 9, 10, 11- класстардын алдыңкы  (рейтинг боюнча) 20 орунду ээлеген окуучулар катышат.

Олимпиаданын II этабынын өтүлүүчү жери: Бишкек шаары, Борбор Азиадагы Америкалык университетинин негизги имаратында.

Дареги: Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү 7/6.

Бардык каалоочулар төмөндөгү шилтемелер аркылуу катыша алат:

6 - класс

https://forms.gle/B1nRiW4oR5VkAirJA

7 - класс

https://forms.gle/6damzSMeuZoCnpZV6

8 - класс

https://forms.gle/i2YXJcnX6sXRpXLeA

9 - класс

https://forms.gle/d8HBTgidY2terWoZ8

10- класс

https://forms.gle/h2CsswAWe7fZbrteA

11- класс

https://forms.gle/MMGJHcrUviKcvFAb8

Олимпиаданын тапшырмаларын аткарууга:

  • 1 онлайн этапта 2 саат берилет;
  • 2 офлайн этапта 3 саат берилет.

Биринчи этаптагы иштердин жыйынтыктары боюнча  апелляция каралган эмес.

Экинчи этаптын жыйынтыктары боюнча 9, 10, 11-класстардын окуучулары үчүн апелляция каралган. Апелляцияга арыздар олимпиаданын жыйынтыгы чыккандан кийин 3 күндүн ичинде кабыл алынат.

Олимпиаданын катышуучулары I онлайн этабынын жыйынтыгы боюнча 1,2,3-орундарды ээлеген 6-8-классттардын окуучулары дипломдор менен сыйланышат.

Олимпиаданын катышуучулары - II этаптын (финалдык) жыйынтыгы боюнча 1,2,3 - орундарды ээлеген 9-11-классттардын окуучулары дипломдор менен сыйланышат жана эл аралык олимпиадаларга катышууга жолдомо алышат.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүгө (11-классттын окуучулары) Борбор Азиадагы Америкалык университетинде окууга төмөндөгү жеңилдетүүлөр берилет:

      • 11-класстын окуучулары арасында 1-орун - 100 %;
      • 11-класстын окуучулары арасында 2-орун – 60 %;
      • 11-класстын окуучулары арасында 3-орун – 50 %;

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө (11-класстын окуучулары) Борбор Азиадагы Эл аралык университетинде окууга төмөндөгү жеңилдетүүлөр берилет:

      • 11-классттын окуучулары арасында 1-орун - 100 %;
      • 11-классттын окуучулары арасында 2-орун80 %;
      • 11-классттын окуучулары арасында 3-орун70 %;

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө (9-классттын окуучулары) Борбор Азиядагы Америка Университетинин инновациалык колледжинде окууга төмөндөгү жеңилдетүүлөр берилет:

      • 9-класстын окуучулары арасында 1-орун - 50 %;
      • 9-класстын окуучулары арасында 2-орун - 40 %;
      • 9-класстын окуучулары арасында 3-орун - 30 %.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө (6-9-класстын окуучулары)                           Кыргыз-Швед математикалык мектебинде окууга төмөндөгү жеңилдетүүлөр берилет:

      • 6-9-классттын окуучулары арасында 1-орун - 50 %;
      • 6-9-классттын окуучулары арасында 2-орун - 30 %;
      • 6-9-классттын окуучулары арасында 3-орун - 30 %.

Олимпиадада ээлеген орунду тастыктап, KSMSке окууга өтүш үчүн, кандидаттар менен кошумча офлайн текшерүү өткөрүлөт.

Олимпиаданын экиден көп суроолоруна туура жооп берген бардык катышуучуларына электрондук сертификат жөнөтүлөт.

Олимпиада ачык жана акысыз негизинде өткөзүлөт.

Кошумча суроолорду rom.ksms@gmail.com электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар