КЫРГЫЗ-ВЕНГРИЯ РЕКТОРЛОРУНУН I КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨ 31 ДОКУМЕНТКЕ КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Февраль 2023 ж. 11:04

Көрүлдү: 763

14-февралда Будапешт шаарында кыргыз-венгрия ректорлорунун I конференциясы өттү.

post.title

КР Президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 13-14-февралында Венгрияга болгон сапарынын алкагында жогорку окуу жайлардын ректорлору эки билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган иш-чараларга катышышты.

Кыргыз-Венгрия ректорлорунун I конференциясына Кыргызстандын 18 жогорку окуу жайынын жетекчилери жана Венгриянын жогорку окуу жайларынын 40тан ашуун өкүлдөрү катышты.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов ректорлор конференциясынын уюштуруучуларына эки мамлекеттин университеттеринин байланыштарын жолго коюу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Венгрия тараптан Маданият жана инновациялар министрлигинин мамлекеттик катчысы Балаш Ханко, Венгриянын ректордук конференциясынын президенти Ласло Борхи жана Дипломатиялык академиянын ректору Орсола Паччай Томашич сүйлөдү.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын ассоциациясы менен Венгриянын ректордук конференциясынын кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Кыргызстандын жана Венгриянын ЖОЖдорунун ректорлору эки тараптуу 31 документке кол коюшту:

1) студенттерди жана профессордук-окутуучулук курамды алмашуу;

2) биргелешкен илимий жана изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу;

3) окутуучуларды жиберүү жолу менен Кыргыз Республикасында венгр тилин жана Венгрияда кыргыз тилин жайылтуу;

4) Венгр тили жана маданият борборун ачуу, ошондой эле Кыргызстандын университеттеринин биринде Венгрияны изилдөө факультетин түзүү;

5) академиялык жана билим берүү материалдарын алмашуу.

Кыргызстанда ушул жылы Кыргыз-Венгрия ректорлорунун II конференциясы өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар