БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОЛЛЕГИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Февраль 2023 ж. 15:13

Көрүлдү: 754

Бүгүн, 16-февралда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, ЖКнын депутаты, Социалдык саясат комитетинин төрайымы Венера Раимбачаева, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, министрликтин өкүлдөрү, билим берүү тармагынын кызматкерлери, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдагы аткарылган иштери боюнча Жыйынтыктоочу коллегиясы өтүүдө.

post.title

Алгач коллегияда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов 2022-жылы министрлик тарабынан аткарылган иштер боюнча баяндама жасады.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өз сөзүндө 2022-жылы Билим берүү жана илим министрлиги өтө чоң көлөмдөгү иштерди ийгиликтүү ишке ашыргандыгын белгилеп өттү.

“2022-жыл Билим берүү жана илим министрлиги үчүн мектеп директорлоруна сынак өткөрүү, 5 жогорку окуу жайга өзгөчө макам берүү, бизнес-инкубаторлорду ачуу ж.б. тармактар боюнча чоң иштердин жылы болду. Мектептердин инфрастуктурасын жакшыртуу жагынан өлкө башчы тарабынан болуп көрбөгөндөй колдоо болууда. Биз алдыдагы үч жылда авариялык абалдагы мектептерди жоюу максатын көздөп жатабыз Ошондой эле бул жылы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууга өзгөчө көңүл бурулат”, - деди Эдиль Байсалов.

Мындан сырткары ал учурдагы билим берүү заманбап ыкмалардын негизинде ишке ашырылууга тийиш экенин баса белгиледи.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар