БАТКЕН РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ СЫНАК

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Февраль 2023 ж. 13:04

Көрүлдү: 627

Баткен райондук билим берүү бөлүмү кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже топтогу административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.

post.title

Талапкерлерге коюлган талаптар жөнүндө кененирээк маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/197/

Сынакка катышуу үчүн ылдам тиккичте кийинкидей документтер тапшырылуусу

зарыл:

– жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына)

– сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт);

– өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт);

– негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо)

нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген

жеринен күбөлөндүрүлөт;

– илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү

(болсо);

– ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат;

– паспорт көчүрмөсү (сыннакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт).

 

Документтер 2023-жылдын 16-февралынан тартып 27-февралына чейин төмөнкү

дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Курбаналы Сабыров көчөсү №10.

Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты.

 

Сурап билүү телефону: 0773890780

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар