КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРГА ЛАТВИЯНЫН ЖОЖдорунда ОКУУ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК СТИПЕНДИЯЛАР БЕРИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Февраль 2023 ж. 11:54

Көрүлдү: 547

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата мамлекеттик стипендиялык программа боюнча кыргызстандыктарга Латвиянын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.

post.title

Стипендиялык программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Латвия Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында иштейт.

Документтерди кабыл алуу жана талапкерлерди конкурстук тандоону Латвия тарап жүзөөгө ашырат.

Окутуу жана изилдөө стипендиялары жөнүндө маалымат https://www.viaa.gov.lv/en/latvian-state-scholarships сайтында жайгаштырылган.

Өтүнмөлөрдү берүүнүн электрондук системасы 2023-жылдын 1-февралынан 1-апрелине https://scholarships.viaa.gov.lv/en/login сайты аркылуу ишке ашырылат.

Комиссия талапкерлердин арыздарын баалап, жыйынтыгын 2023-жылдын июнь айынын аягына чейин жарыялайт.

Жайкы мектептерге катышуу үчүн стипендия алууга өтүнмө бланктар https://www.viaa.gov.lv/en/summer-schools сайтында жеткиликтүү. Толтурулган арыздар жана документтер жайкы мектептин уюштуруучуларына 2023-жылдын 1-апрелине чейин берилиши керек.

Кененирээк маалымат алуу үчүн Латвия мамлекеттик билим берүүнү өнүктүрүү агенттигинин эл аралык кызматташтык программалары бөлүмүнүн улук адиси Марик Пирага кайрылсаңыз болот, электрондук почта: scholarships@viaa.gov.lv; Тел: +37167814331.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар