КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ТАТЫДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Февраль 2023 ж. 9:58

Көрүлдү: 781

2023-жылдын 1-февралынан 10-февралына чейин математика, физика жана информатика (IZHO) боюнча 19-Эл аралык Жаутыков олимпиадасы болуп өттү.

post.title

Математика боюнча Кыргызстандын атынан жети команда, ал эми үч окуучу жеке катышты.

Өткөн жылдары IZHO олимпиадасында Кыргызстандан 10, 11-класстын окуучулары медаль алып келишкен болсо, быйылкы жеңүүчүлөрдүн арасында 7, 8, 9-класстын окуучулары да бар.

Эл аралык Жаутыков олимпиадасы физика-математика класстарынын окуучуларынын командалык мелдеши.

Ар бир команданын курамында 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 жетекчи бар. Бул жылы окуучулар жекече катышуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. 10 күн аралыгында 26 өлкөдөн 281 команда, 1200дөн ашуун окуучу катышкан олимпиадада Кыргызстандын атынан катышкан 12 окуучу байгелүү орундарга ээ болду.

Казакстандын студенттери үчүн олимпиада оффлайн режиминде өттү, калган окуучулар видеокөзөмөлдүн астында онлайн катышты.

Катышуучулардын тизмеси

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар