МАТЕМАТИКА БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖОЖго ЖАНА МАТЕМАТИКАЛЫК МЕКТЕПКЕ ТАПШЫРУУДА ЖЕҢИЛДИКТЕРДИ АЛЫШАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Февраль 2023 ж. 17:09

Көрүлдү: 600

11-февралда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Борбордук Азиядагы Америка университети жана Кыргыз-Швед математикалык мектеби менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

post.title

Меморандумга БААУнун атынан вице-президент Чыңгыз Шамшиев жана Кыргыз-Швед математикалык мектебинин өнүктүрүү боюнча директору Айдар Жоробеков кол коюшту.

Меморандумдун негизинде математика боюнча республикалык олимпиадада I орунду алган бүтүрүүчү класстын окуучусу БААУда окууга 100% грантка II жана III орунду алган 11-класстын окуучулары 50дөн 60%га чейинки жеңилдиктерге ээ болушат. Ал эми олимпиадада жеңишке жеткен 6-7-8-9-класстын окуучуларына Кыргыз-Швед математикалык мектебинде окуу үчүн 30%дан 60%га чейинки арзандатуулар берилет. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар