ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМ, ТЕХНИКА ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЖУМАЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Февраль 2023 ж. 17:59

Көрүлдү: 707

Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы 6-февралдан 13-февралга чейин мектеп окуучулары үчүн Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрөт.

post.title

Жумалыктын алкагында окуучулар Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, ЖОЖдордун окутуучулары, фабрикалардын инженерлери менен жолугушуп, долбоордук конкурстарга катышып, чыгармачылык көргөзмөнү көрө алышат.

11-13-февралда Чолпон-Ата шаарында өтө турган мектеп окуучуларынын “Илим + Ойлоп табуу = Техника!” республикалык илимий-техникалык олимпиадасы 10 команда катышат.

Олимпиаданын биринчи турунда командалар Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн туннелдердин долбоорлорун эсептөө жана негиздөө боюнча баяндамаларды жасашат. Экинчи турда командалар колдо болгон материалдардан макеттерди даярдашы керек. Үчүнчү турда окуучулар тоо шарттарында туннелди бургулоо үчүн станоктордун моделин иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча долбоорлорду коргошот.

13-февралда илимий-техникалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар