ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН МУГАЛИМДЕРИ ФУНКЦИОНАЛДЫК САБАТТУУЛУКТУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Февраль 2023 ж. 17:33

Көрүлдү: 643

Ысык-Көл облусунун мектептеринин математика, эне тили жана табият таануу мугалимдери үчүн “PISA-2025 тестине даярдануу аркылуу Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” курсу уюштурулду.

post.title

Курс катышуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо методологиясын өздөштүрүүгө багытталган.

72 сааттык курс PISA-2025 изилдөөсүнө катышууга даярдоонун алкагында Орусия академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун адистеринин катышуусу менен өткөрүлгөн Жайкы мектептин материалдарынын негизинде иштелип чыккан. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу Каракол шаарында 2023-жылдын 23-январынан 4-февралына чейин өткөрүлдү.

Келечек үчүн билим долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева жана консультант Ырысгүл Турсунбай кызы Педагогикалык тестирлөөнүн теориясы жана практикасы. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун баалоосессиясын өткөрүштү.

Маалымат үчүн:

PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) - окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Кыргызстан 2025-жылы аталган изилдөөгө үчүнчү жолу катышат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар