“САНАРИПТИК ДҮЙНӨДӨ ОКУУ ЖАНА САБАТТУУЛУКТУ ЖОГОРУЛАТУУ” ТЕМАСЫНДА ВЕБИНАР ӨТҮП ЖАТАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Февраль 2023 ж. 14:40

Көрүлдү: 405

Билим берүү жана илим министрлиги PISA-2025 изилдөөсүнө даярдык көрүүнүн алкагында “Санариптик дүйнөдө окуу жана сабаттуулукту жогорулатуу” деген темада вебинар өткөрүүдө.

post.title

Вебинар электрондук тексттерди окуу сабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган.

Лекторлор:

Ковалева Галина Сергеевна - Россия билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун жетекчиси,

Рябинина Любовь Анатольевна - Россия билим берүү академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун илимий кызматкери.

Вебинарды Фейсбуктан көрүүгө болот - - https://www.facebook.com/pisa2025kg?mibextid=LQQJ4d

Ошондой эле кыргыз/орус тилдериндеги шилтеме боюнча - https://us02web.zoom.us/webinar/register/WN_DZXhWOmgRSeTIDUSZzj0Kg

Вебинар Европа Бирлигинин “Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” долбоорунун жана Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар