1682 МАМЛЕКЕТТИК МЕКТЕПКЕ “МАТЕМАТИКАЛЫК САНДЫКЧАЛАР” БЕРИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Февраль 2023 ж. 16:05

Көрүлдү: 1031

Бүгүн, 6-февралда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс 1 миң 682 мамлекеттик мектепке 3 миң 372 окуу методикалык материалдардын топтомун – “математикалык сандыкчаларды” тапшырды.

post.title

Өз сөзүндө министр Уланбек Мамбетакунов “математикалык сандыкчалар” башталгыч класстардын мугалимдери үчүн окуучулардын математикалык көндүмдөрүн калыптандырууда чоң көмөк болорун билдирди.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кайя Адамс “Математиканы окутуу процессинде колдонууга арналган бул уникалдуу материалдар Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы үчүн атайын иштелип чыккан. Биз бул демилгеге салым кошконубузга абдан сыймыктанабыз”, - деди.

USAIDдин “Окуу Керемет!” долбоорунун алкагында иштелип чыккан “Математикалык сандыкчалар” түрдүү манипулятивдик жана графикалык моделдер, алардын көлөмдүү геометриялык фигуралар, сааттар, эсеп таякчалары, палеткалар ж.б. менен жабдылган.

Сандыкчада берилген моделдерди математиканы окутууда колдонуу окуучуларга  абстракттуу математикалык түшүнүктөрдү “сезүүгө” жана көрүүгө” берүүгө, символдордун, арифметикалык амалдардын жана эрежелердин маанисин жана аларды түптөгөн логиканы терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет. 

USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган.

2023-жылдын март айында максаттуу мектептердин 13 миңден ашуун мугалимдерди Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен USAID ортосундагы кызматташтык алкагында өткөрүлгөн математикалык модулдар боюнча окууну аяктап, математикалык сандыкчаларда берилген моделдерди математиканы окутууда колдонуу аркылуу кесиптик чеберчилигин жогорулатышат.

Мектептердин тизмеси жана материалдардын саны

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар