УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН  МҮЧӨЛҮГҮНӨ АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Февраль 2023 ж. 17:35

Көрүлдү: 678

Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлүгүнө жумуш берүүчүлөрдүн жана алардын кесиптик бирикмелеринин мүчөлөрү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

post.title

Документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 6-февралынан 15-февралы саат 18.00 го чейин жүрөт.

Тандоого катышуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:

- жеке арызы;

- резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;

- нотариустан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

- паспорттун көчүрмөсү. 

Кошумча маалымат алуу үчүн: (0312) 62-10-46, 0705155844

Талаптар тиркемеде

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар