КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖдору УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН ФИНАНСЫЛЫК АВТОНОМИЯСЫНЫН МОДЕЛИН ИШТЕП ЧЫГАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Февраль 2023 ж. 17:30

Көрүлдү: 471

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана министрдин кеңешчиси Алмаз Ибраев “Кыргызстан университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү” долбоорунун консорциумунун жыйынына катышты.

post.title

Долбоор университеттин каржылык өз алдынча башкаруу системасын иштеп чыгууга, аны апробациялоого, каржылык автономияны кеңейтүүгө жана жогорулатууга багытталган.

Долбоор Кыргызстандын ЖОЖдорунун каржылык-экономикалык көз карандысыздыгынын келечегин изилдеп, модели иштелип чыгып, кийин юридикалык жактан бекитүү үчүн ЖОЖдордун финансылык ыйгарым укуктары такталат. Модель Флоренция университетинин жана Магдебургдагы Отто фон Герике университетинин финансылык менеджмент тажрыйбасынын негизинде даярдалат деп мерчемделүүдө.

Долбоордун Консорциумуна Кыргызстандын 12 жогорку окуу жайы, Германиянын, Италиянын 2 эл аралык билим берүү мекемеси жана Италиялык коомдук уюм кирет.  

2-3-февралдагы жолугушууда Кыргызстандагы Erasmus+ офисинин өкүлү Г.Исаева, долбоордун улуттук координатору Нурлан Омуров, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, университеттердин өкүлдөрү финансылык автономиянын актуалдуулугун белгилешти.

“Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү” долбоору (DEFA) Европа Биримдигинин Erasmus+ программасы тарабынан каржыланат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар