2023-ЖЫЛГА МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ ИШ ПЛАНЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Февраль 2023 ж. 17:53

Көрүлдү: 747

2023-жылдын 2-февралында билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева облустук, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен 2022-жылдын жыйынтыктарын жана 2023-жылга карата иш планын талкуулоо үчүн видеоконференция өткөрдү.

post.title

Конференцияда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо, STEM билим берүү, PISA изилдөөсүнө даярдоо, предметтик олимпиадаларды жогорку деңгээлде өткөрүү жана директорлорду сынактык тандоо маселелери каралды.

Жыйынтыгында билим берүү жана илим министринин орун басары мектептердеги билим берүүнүн актуалдуу маселелерин чечүү боюнча билим берүү бөлүмдөрүнүн жана башкармалыктарынын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар