ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ: САНДАН САПАТКА ӨТҮҮ – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Февраль 2023 ж. 17:26

Көрүлдү: 508

2023-жылдын 31-январында Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн Илимий-техникалык кеңештин жыйынында 2023-жылга карата мамлекеттик тапшырыктын алкагында улантуучу жана жаңы илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштерди республикалык бюджеттин эсебинен каржылоонун тизмегин бекитүү каралды.

post.title

Министрликке 2023-жылга карата мамлекеттик тапшырыктын алкагында 140 (мамлекеттик органдардан – 109, жогорку окуу жайлардан –31) жаңы илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштери келип түштү. Алардын 66сы Илимий-техникалык кеңештин тандоосунан өттү. Министрликтин сайтына жарыяланган конкурста 59 темага билдирме келди.

Илимий-техникалык кеңештин төрагасы Абазбек уулу Расул өз сөзүндө республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин натыйжасы мамлекетибиздин социалдык-экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүсү, ошондой эле өндүрүшкө кирүүсү керектигин жана каржынын эффективдүү пайдаланылышына ар бир илимий жетекчи жооптуу экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле Абазбек уулу Расул илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин санынан сапатка өтүү мезгилдин талабы экендигин кошумчалады.

2022-жылга карата мамлекеттик тапшырыктын алкагында 204 илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер каржыланды. Анын ичинде: илимдин айыл-чарба багыты боюнча – 68, медицина багыты боюнча – 54, техника багыты боюнча – 40, табигый-математикалык багыты боюнча – 15, коомдук-гуманитардык багыты боюнча – 27. Аяктоочу илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин саны – 104, улантуучу – 100.

2022-жылда илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруунун  жыйынтыгы боюнча 54 патент алынган, 20 билдирме патент алууга берилген, 16 монография,  165 макала эл аралык илимий журналдарга чыгып, 624 илимий макала Улуттук аттестациялык комиссиясынын тизмегиндеги илимий журналдарга басылган.

Белгилей кетсек, 2020-жылдан баштап илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди  каржылоо үчүн конкурска билдирмелерди баалоо жана кабыл алуу электрондук форматта жүргүзүлүүдө.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар