КОМПЕТЕНЦИЯЛАР БОРБОРУНДА АШПОЗЧУЛАР КАМЫРДАН ЖАСАЛГАН АЗЫКТАРДЫ ДАЯРДООНУ ҮЙРӨНҮШӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Январь 2023 ж. 17:25

Көрүлдү: 471

27-январдан тарта мектеп тамак-ашы боюнча Республикалык компетенциялар борборунда “Нан, кондитердик жана макарон азыктарынын технологиясы” программасы боюнча курстар өткөрүлүүдө.

post.title

Курстардын угуучулары болуп Бишкек шаарындагы мектептердин ашпозчулары, М. Ломоносов атындагы жеке менчик мектеби өңдүү билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, “Точка роста” балдар бакчасынын, мектебинин жана “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин кызматкерлери эсептелет.

Алар 16 сааттын ичинде ун, кулинардык жана кондитердик азыктарды өндүрүү технологиясынын илимий негиздерин үйрөнүп, камырдын ар кандай түрлөрүнөн кондитердик жана кулинардык азыктарды даярдоо боюнча практикадан өтүшөт.

Билим берүү жана илим министрлиги жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Республикалык компетенциялар борборун уюштурган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар